Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

ЕБ менен Бишкектин мамилесин сынаган иш


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Евробиримдиктин өкүлдөрү менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин Бишкекте өтүүчү жолугушуусунун алдында сегиз эл аралык уюм Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу маселесин көтөрүштү.

Адам укуктарын коргогон «Amnesty International», «Human Rights Watch», «Frontline Defenders» сыяктуу ири эл аралык сегиз уюм апта соңунда Кыргызстанга келээри күтүлүп жаткан Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге кайрылуу жиберип, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ден соолугу начарлап жатканына тынчсыздануусун билдиришкен.

Эл аралык деңгээлде адам укугун коргогон уюмдар Могериниден Аскаровду абактан чыгарып, дарыланууга чет өлкөгө коопсуз алып чыгып кетүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнүштү.

«Азимжан Аскаров акыйкатсыз чыккан сот чечиминин айынан тогуз жылдан бери түрмөдө отурат. Аны абакта кармоо Кыргызстандын адам укуктары боюнча тарыхында кара так болуп калат» деп айтылат укук коргоочулардын кайрылуусунда.

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген Азимжан Аскаровдун маселесин эл аралык уюмдардан тышкары жергиликтүү бейөкмөт уюмдар да дембе-дем көтөрүп келет. Февралдын аягында Аскаровдун зайыбы Хадича Аскарова, адвокат Валериан Вахитов жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберген.

Жергиликтүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова эл аралык уюмдардын кайрылуусун кош колдоп колдоду.

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

«Анын абалы өтө оор, аябай катуу ооруп жатат. 68 жашта. Ден соолугу, жашы боюнча өзүнчө категорияга кирет. Мындайларды бошотуу керек. Анткени абакта өлүп калса «соттун чечими жок өлүм жазасы» деп аталып калат. Ага окшогон жыйырмадай киши бар, аларды да бошотуу зарыл. Батукаевге окшогондорду чыгарып жиберишет. Себеби, түрмөдө коррупция бар».

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Эленора Сабатарова Азимжан Аскаровдун саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтты. Сабатарова абактагылар ден соолугу боюнча кайрылса, ошол замат медициналык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Эленора Сабатарова
Эленора Сабатарова

«Соттолгон Азимжан Аскаровдун ден соолугу канааттандыраарлык. Жашы өтүп калганына байланыштуу айрым оорулары болушу мүмкүн. Бирок биздин медициналык бөлүмдүн көзөмөлүндө турат. "Аны ооруканага жаткырбаса болбойт" деген сунуш түшө элек».

Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Азимжан Аскаров менен жазында жолугуп чыкканын айтып, ден соолугу боюнча арызданбаганын билдирди.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму баш болгон абройлуу эл аралык укук коргоочу уюмдар Азимжан Аскаровдун иши кайра каралышы керектигин Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери айтып эле келет. Ал кездеги бийлик "эл аралык уюмдар ички иштерге аралашпашы керек" деген таризде жооп беришкен.

Жергиликтүү талдоочулар Аскаровдун иши кыргыз бийлиги менен укук коргоо жаатындагы эл аралык уюмдардын мамилесиндеги чечилбеген татаал маселе болуп калганын айтышат. Саясатчы Равшан Жээнбеков буларга токтолду:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

«Анын иши келечекте каралышы керек. Укук коргоо органдарына ишеним аз, күмөн саноо көп. Азыркы бийликтин буга күчү жетпейт, анткени элдин ишеними төмөн. Бул маселе бир гана учурда чечилет – кадыр-баркы жогору бийлик, парламент болушу керек. Азыр эл аралык уюмдар басым кыла берет, бийлик унчукпай кутулат».

2010-жылдагы июнь калабасындагы кандуу кагылыштар үчүн айыпталган Аскаров өмүрүн аягына чейин камалган. Эл аралык уюмдар жана жергиликтүү айрым укук коргоочулар ага жалаа жабылганын айтып келет. Аскаров өзү да күнөөнү мойнуна алган эмес. 68 жаштагы Азимжан Аскаров адам укуктарын коргоп жүргөн ишмер катары белгилүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG