Орусиянын Коргоо министрлиги Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде илимий изилдөө менен алектенген аппаратта чыккан өрттөн ажал тапканын кабарлады.
Анын маалыматына ылайык, кырсык 1-июлда изилдөөнүн алкагында биометрикалык ченөө иштерин жүргүзүп жаткан маалда болгон. Суу алдындагы кемеде 14 жоокер иске ууланып өлгөн.
«Кырсыктын себептери иликтенип жатат. Иликтөөнү Аскер-деңиз флотунун кол башчысы жүргүзүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтин маалыматына ылайык, суунун тереңинде сүзгөн аппарат Североморск аскер-деңиз базасынын карамагында болгон.