Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын сайтындагы маалыматка ылайык, туристтик сезонго байланыштуу «Кордай (Казакстан)–Бишкек», «Манас» аэропорту -Бишкек», «Түндүк бурулуш жолу –Бишкек», «Бишкек-Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол» жолдоруна Патрулдук милициянын көчмө посттору жайгаштырылды.
Андан сырткары, Боом капчыгайында, Кемин районунда, Төө-Ашуу өтмөгүндөгү «Бишкек-Ош» автожолунда күнү-түнү иштей турган посттор уюштурулду. Автокырсык катталган жерге өз убагында барып, жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тез жардам көрсөтүүчү тобу менен куткаруучулардын нөөмөтү түзүлдү.
Бүгүнкү күндө республика аймагында 309 курорттук-саламаттык чыңдоо мекемелери, алардын ичинен 11 туристтик база, 58 эс алуу үйү, 172 пансионат, 15 санаторий, 15 лагерь, 45 балдардын ден соолугун чыңдоо комплекси менен 13 курорттук-саламаттык чыңдоо комплекси иштеп жатат. (BTo)