VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин 27-июнда аяктады. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйын соңунда депутаттар сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштегенин, өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын билдирди.
Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.
Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт. (КЕ)