Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Кыргызстандагы саммитин уюштурууга кеткен 6 миллион 760 миң доллар каражатты Кытай бермей болду.
Экономика министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, бул туурасында эки өлкөнүн өкмөт аралык документине 24-июнда кол коюлду. Ага кыргыз тараптан экономика министри Санжар Муканбетов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн кол коюшту.
ШКУ саммити Бишкекте быйыл 13-14-июнда өттү. Анын алдында бир канча күн саммит алкагындагы түрдүү иш-чаралар уюштурулган.