27-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 31...36,
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 30...35,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36,
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 34…36 градус болот.