Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Атамбаев өзүн коргоп жаткан «элдик штабдын» мүчөлөрүнө барды


Алмазбек Атамбаев тарапкерлеринин жанында.
Алмазбек Атамбаев тарапкерлеринин жанында.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө 26-июнь күнү «элдик штабдын» мүчөлөрү менен жолукту.

Анын тарапкерлеринин штабы түзүлгөнү, ошол жерде журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулганы бир күн мурда кабарланган.

Атамбаевдин «Апрель» телеканалы шаршембиде «Саясий туткундарды колдоо» телемарафонун уюштурду.

Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын үч депутаты жана партиянын юристи депутаттык комиссиянын ишмердигине нааразы болуп Конституциялык палатага кайрылды. (GT)

XS
SM
MD
LG