Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Кыйноонун психологиялык басым кылуу ыкмасы көп колдонулуп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы жабык жайларда кыйноонун физикалык түрүнө караганда психологиялык басым кылуу фактылары көп болууда.

Кыйноо борборунун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, башка желим баштык кийгизүү, батареяга колду байлап коюу, суукта муздак суу чачуу өңдүү кыйноо ыкмалары азайган.

- Азыр көбүнчө ур-токмок колдонулат. Андан тышкары, психологиялык басым, «чөнтөгүңө баңгизат салып кетебиз, үй-бүлөңдү ойло» дегендей коркутуу көп, - деди Сулайманов.

Анын айтымында, быйыл беш айда Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго жалпысынан 70тен ашуун арыз түшсө, 30га чукулу кыйноо фактысы тууралуу арызданган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу азыраак. Былтыр бул мезгилде 238 арыз-даттануу түшкөн, анын 123ү кыйноо фактысы, 50дөн ашууну катаал мамилеге байланыштуу болчу.

Кайрылуулардын негизинде Башкы прокуратура он чакты кылмыш ишин козгогон.

26-июнь - Кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү.

XS
SM
MD
LG