Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу даяр болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«КТ Мобайл» компаниясы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн 26-июнда парламенттин жыйынында депутат Курманкул Зулушев билдирди. Анын сунушу менен бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине кирди.

Комиссия май айында «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайлга» 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө максатында түзүлгөн.

«КТ Мобайлдын» тегерегинде ызы-чуу быйыл майдын башында чыгып, алгач компаниянын жетекчилери чоң суммада маяна алып жүргөнү тууралуу маалымат катуу талкууга түшкөн.

Кийинчерээк премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун ошол кездеги катчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар компаниянын директорунун орун басары болуп иштегени ачыкка чыгып, сынга алынган.

17-майда компаниянын директору Нурбек Мукамбетов менен анын орун басарлары иштен кеткени белгилүү болгон.

Иманкадыр Рысалиев уулу 30-майда беш айда алган маянасын кайтарганын, анын суммасы 787 620 сомду түзгөнүн жарыялаган. ​

Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.​ (RK)

XS
SM
MD
LG