Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

Украин делегациясы ЕКПАдагы ишин токтотту


ЕКПАдагы украин делегациясынын Владимир Арьев.
ЕКПАдагы украин делегациясынын Владимир Арьев.

Украина Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясындагы (ЕКПА) ишин токтотууну чечти. Мунун алдында, ассамблеянын 24-июндагы жыйынында Орусиянын уюмга кайра кайтып келишин шарттаган, добуш берүү жана мониторинг жүргүзүү сыяктуу негизги укуктарын кайра калыбына келтирген резолюция кабыл алган.

Узакка созулган кызуу талаш-тартыш шартында, чыңалган абалда кабыл алынган документти 118 делегат колдоду, 62си каршы чыкты. Ал эми он киши арсар добуш берди.

Добуш берүүдөн кийин украин делегациясынын жетекчиси Владимир Арьев «Фейсбуктагы» баракчасына «эч кандай шарты жок орусиялыктардын келишине шарт түзүлсө, Украинанын ЕКПАда кыларга иши жок», - деп жазды.

Европа Кеңешинин Хелсинкидеги 17-майдагы жыйынында Орусияны ЕКПАга кайтарууга 47 мамлекеттин тышкы иштер министрлери макул болушкан. Украина, Грузия, Эстония, Латвия жана Литва каршы чыккан.

2014-жылы жазында ассамблеянын жыйынында Крымдагы окуяларга байланыштуу Орусия бир катар укуктардан ажыратылган эле. Муну мазактоо катары кабыл алган орус делегациясы жыйындар залынан чыгып кеткен. Андан бери орус тарап ассамблеянын чогулуштарына катышпай келет жана мүчөлүк акы төлөөдөн да баш тарткан болчу.

XS
SM
MD
LG