Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июндагы токтомунун негизинде коммерциялык банктардан айрым адамдардын 2009-жылдан берки депозиттик эсептери жана банк кутучалары боюнча документтерди алууга макулдук бергенин «Tazabek» басылмасы жазды. Маалыматка караганда, тизмеге экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсү, туугандары жана башка жарандар кирген. Муну менен сот тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырган.
Тизмеде: Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Атамбаева Раиса Мирахмедовна, Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна, Атамбаев Сеилбек Алмазбекович, Атамбаев Сейитбек Алмазбекович, Атамбаева Диана Алмазбековна, Атамбаева Динара Алмазбековна, Шаршенов Нурбек Валибекович, Шагиева Луиза Фаритовна, Шагиева Альбина Рамильевна, Байбурин Артур Вилорович, Байбурина Лилия Тавфиковна, Рахмаджанова Жибек Манасовна, Сатыбалдиева Аэлита Жумабековна, Бектимиров Раис Эрикович, Шагиев Рамил Минахмедович, Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич, Пархати Субихи Вуфуерович, Темирбеков Азиз Пайзуллаевич, Ахмет Кая жана Мусакеев Дамир Сагындыкович деген адамдардын аты-жөнү көрсөтүлгөн. Соттон бул тууралуу маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.
Атамбаевди кылмыш жообуна тартыш үчүн кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө сунуш 20-июнда парламентте 100 добуш менен колдоо тапкан.
Депутаттык комиссиянын корутундусунда Атамбаевге алты пункттан турган айыптоо тагылып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. (КЕ)