Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Сот экс-мэрлерди №1 тергөө абагына которуу боюнча өтүнүчтү карайт


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Ленин райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын (АКС) Бишкектин мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду кошкондо беш кишини №1 тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Сергей Слесарев билдирди. Жактоочу АКСтин жетекчисинин экс-мэрлерди кармоо иштерине тиешеси жоктугун, аларды башка жакка которууну өтүнүү менен ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланып жатканын билдирүүдө:

- Эмне үчүн бул боюнча соттон АКСтин жетекчиси өтүнүп жатат? Бул документке негизделбеген факты-талаптар көрсөтүлгөн. Мындай кат жөнөткөндөн кийин аны тастыктаган, «чын эле орун жок» деген документтер болушу керек да. Логикалык жактан караганда, УКМКнын тергөө абагында орун жок болсо, жаңы келгендерди № 1 тергөө абагына которо берсин. Эмнеге УКМКнын тергөө абагында отургандарды ал жакка которуу зарыл?

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекемесиндеги убактылуу кармоочу жайында орун калбай калгандыктан мурдагы эки мэрди №1 тергөө абагына которууну соттон өтүнгөн.

Кулматов менен Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев №1 тергөө абагында шарт начар экенин, ал жакта криминалдар бар экенин айтып, муну камакта отурган адамдарды коркутуу аракети катары баалап жатат.

Кулматов Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп күнөөлөнгөн. Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деген айыптар коюлган.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчү канааттандырылган эмес. 2-майда мурдагы эки аткаминердин тергөө абагындагы мөөнөтү эки айга узартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG