“Биз заманбап, коррупциядан арылган коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек” деп билдирди бүгүн 22-июнда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.
Президент бул тууралуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтты.
Ошону менен катар мамлекет башчысы “Ар бириңиздерге элибиздин жана өлкөбүздүн тагдыры үчүн тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн унутпаңыздар” деп кайрылды.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендердин саны 18 миң адам экенин Статистика комитети кабарлаган. (RK)