Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Чеченстандык укук коргоочу Титиев абактан чыкты


Оюб Титиев түрмөдөн чыккандан кийин. Чеченстан, 21-июнь 2019
Оюб Титиев түрмөдөн чыккандан кийин. Чеченстан, 21-июнь 2019

“Мемориал” укук коргоо борборунун Грозныйдагы бөлүмүнүн жетекчиси Оюб Титиев жума күнү эркиндикке чыкты. Бир нече күн мурун сот Титиевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу чечим кабыл алган.

18-мартта сот аны маңзат сактоо беренеси боюнча төрт жылга колонияга кескен.

Титиев 2018-жылдын январында кармалган. Тергөөчүлөр анын машинесинен кара куурай табылганын билдиришкен. Укук коргоочу жана “Мемориал” маңзатты ага полициячылар өздөрү салып коюшкан деп эсептешет. Титиев менен адвокаттары айыптоолорду четке кагып, иштин артында саясат турат деп айтып келатышат. Ал эми башка укук коргоочулар чечен бийлиги андан ушундай жол менен кутулууну чечишкен дешет.

"Amnesty International" уюму Титиевди абийир туткуну деп атаган. Чеченстан президенти Рамзан Кадыров жумурияттагы укук коргоочулардын ишин далай сындап жүрөт. Адвокаттар Титиевдин ишин федералдык деңгээлде кароону сурашканы менен иш Чеченстандын Тергөө комитетине берилген.

XS
SM
MD
LG