Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Адвокат: Артыкбаевдин көрсөтмөсү боюнча эч нерсе айта албайм


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Замирбек Базарбеков эл өкүлүнүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу көрсөтмөсү боюнча эч нерсе айта албай турганын маалымды. Адвокат муну тергөө боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө документке кол коюп бергени менен түшүндүрүүдө.

19-июнда Vesti.kg сайты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиевге таянып, Осмонбек Артыкбаев ЖЭБге көмүр жеткирүү иштери боюнча Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин жазып чыкты.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча шектүү катары УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал мурунку жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG