Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоочулар менен иштиктүү жолугушууларды каалап, алдыда аларды чоң иштер күтүп турганын айтты.
Бүгүн президент парламентке барып, жаңы дайындалган министрлердин ант берүүсүнө катышты.
- Алдыда шайлоочулар менен жолугушууларыңар болот. Андан кийин бир ай эс аласыздар. Шайлоочулар менен жолугушууларыңар иштиктүү болсун. Жакшы эс алып, кайра келиңиздер. Сиздерди дагы абдан чоң иштер күтүп турат, - деди Жээнбеков.
Ошону менен катар президент парламентке Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө жана Монголия менен Индиянын жетекчилеринин сапарларын уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. (RK)