Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Дүйнө калкы картайып баратат


2050-жылга карай Жер шарында 9 миллиард 700 миллиондой киши жашап калат. Бирок калктын өсүш темпи төмөндөп, бир топ өлкөлөрдүн эли картаят. Мындай тыянак БУУнун жаңы баяндамасында айтылат.

Документте Индия 2027-жылга барып калк жагынан Кытайдан озуп чыгары, Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдө калктын саны эки эсеге өсөрү белгиленген. Индиядан тышкары Пакистан, Нигерия, Конго Демократиялык Республикасы, Эфиопия, Танзания, Индонезия, Египет мамлекеттеринде жана АКШда калктын саны көбөймөкчү.

Ошол эле маалда глобалдык алкакта балдардын төрөлүшү азаят. 1990-жылы бир энеге 3,2 бала туура келсе, быйыл 2,5 болгон. 2050-жылы бир энеге 2,2 бала туура келет деп болжолдонууда. Калктын улгайышы социалдык камсыздоого, пенсияга жана саламаттыкты сактоого көбүрөөк акча сарпталат дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG