Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

УКМК: Атамбаевге коюлган тогуз киненин сегизи боюнча тергөө жүрүп жатат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата депутаттык комиссия коюп жаткан тогуз киненин сегизи Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда комиссиянын жыйынында маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары Талантбек Кожонов билдирди:

- Тизмедеги сегиз факт Жазык кодексинин талабына ылайык прокуратурада Кылмыштарды каттоо реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш, башкача айтканда, тергөө жүрүп жатыптыр.

Депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюп жатат. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук, бийликтин узурпациясы жана башка кинелер бар.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG