Баткен шаарына жакын жердеги Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен эки жигиттин сөөгү бүгүн эртең менен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, маркумдар 15-июнда сууга түшүп жатып чөгүп кетишкен.
Кечээ издөө иштери жүрүп, табылбагандыктан токтотулган. Бүгүн таңга жуук кайрадан башталган.
Маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди. (JsA)