Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Мындай маалыматты Салянованын жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Аны Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да ырастап, Салянова дарыгерлердин жана Саламаттык сактоо министрлигинин "дарыланууга муктаж" деген бүтүмүнөн кийин бейтапканада калганын айтты.
Ишембиде Аида Салянова Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жүрөгүн текшерүүгө алып келинген.
14-июнда Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова саясатчыны абактан ооруканага которуу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга өтүнүч жибергенин маалымдаган.
Ага чейин айрым басылмалар Саляновага түнү менен бир нече жолу "Тез жардам" кызматы чакырылганын жазып чыгышкан. ЖАМК мурдагы башкы прокурордун саламаттыгы начарлап, абалы өтө оорлоп кетти деп айтылгандарды четке каккан. Ал №1 тергөө абагына түшкөндөн бери бир эле жолу "Тез жардам" чакыртылганын билдирген.
5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары 3-июнда камакка алынган. (NT)