Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Рахмон: Тажикстан ШКУ аймагында коопсуздукту бекемдөө үчүн кызматташууга даяр


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстан Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) террордук жана экстремисттик бирикмелердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануусуна бөгөт коюучу иш-аракеттерин күчөтүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу 14-июнда Бишкекте ШКУнун саммитинде тажик президенти Эмомали Рахмон билдирди.

- Аймакта туруктуулукту бузуу аракеттерине бирге каршы турушубуз зарыл. Тажикстан маалыматтык чөйрөдөгү жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөш боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр, - деди Рахмон.

Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG