Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Путин Молдованын өкмөтүн «узурпатор» деп атады


Игорь Додон жана Владимир Путин.
Игорь Додон жана Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Молдованын президенти Игорь Додонго колдоо билдирди. Өткөн аптада Молдованын Конституциялык соту президентти ыйгарым укуктарынан ажыраткан.

«Мир» телеканалындагы маегинде Путин Молдованын премьер-министри Павел Филиптин өкмөтү бийликти узурпациялап алганын айтты. Путиндин баамында, Филиптин өкмөтү жергиликтүү таасирдүү ишкерлердин колдоосу менен бардык мамлекеттик түзүмдөрдү «такымына басып алган».

Буга байланыштуу орусиялык лидер европачыл саясатчы Майя Сандунун жетекчилиги алдындагы жаңы өкмөткө колдоосун билдирди. Анын министрлер кабинетине орусиячыл Социалисттик партиянын өкүлдөрү да кирет.

- Мындай коалициянын пайда болушу өлкө цивилизациялуу жана заманбап мамлекетти курууга кадам таштаганынан кабар берет, - деди Путин.

XS
SM
MD
LG