Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Британ министри Ассанжды АКШга экстрадициялоого уруксат берди


Жулиан Ассанж.
Жулиан Ассанж.

Британиянын ички иштер министри Сажид Давид «Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоого уруксат берди. Бир нече күн мурда АКШ Ассанжды экстрадициялоого расмий суроо-талап жибергени белгилүү болгон.

- Мен адилеттик орноп, бизде экстрадициялоо тууралуу мыйзамдуу суроо-талап бар болгонун көргүм келет. Бирок соңку чечимди баары бир сот кабыл алышы керек, - деп айтты министр. Сот 14-июнда Лондондо өтөт.

АКШда «Wikileaks» сайтынын негиздөөчүсүнө 17 айып коюлуп жатат. Анын ичинде тыңчылык боюнча айып бар.

Ассанж 2010-жылы Пентагондун жана Мамлекеттик департаменттин жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин ачыкка чыгарып салган. «WikiLeaks» сайтында Ооганстандагы жана Ирактагы согуштун жүрүшү тууралуу АКШнын миңдеген жашыруун документтери жарыяланган.

Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган.

49 жаштагы Австралиянын жараны аны күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат.

XS
SM
MD
LG