Казакстанда нааразылык акцияларына чыккандарды кармоо кечээ, 12-июнда да уланды. Алматы шаарында кечинде полиция жүзгө жакын адамды кармап кеткени, алардын арасында кеминде үч журналист бар экени кабарланды.
Нур-Султан шаарында «Байтерек» монументинин алдына чыккан беш адам кармалды. Шымкентте да полиция үч адамды кармап кеткени айтылды.
Бийликке каршы нааразылык акциялары Казакстанда президенттик шайлоого байланыштуу өтүп жатат. 9-10-июнда кармалгандардын саны 700гө чукулдаганы расмий айтылган.
9-июнда президенттик шайлоодо добуштардын 70% алган Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 12-июнда өттү. (RK)