Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Алматыда полиция аянтка чыккан жүзгө жакын адамды кармап кетти


Астана аянтында турган күч органдарынын кызматкерлеринин автоунаалары.
Астана аянтында турган күч органдарынын кызматкерлеринин автоунаалары.

12-июнда Алматы шаарындагы Астана аянтында полиция жүздөн кем эмес адамды кармап кетти. Бул тууралуу «Настоящее время» каналынын кабарчысы билдирди.

Адегенде полиция бул райондо жүргөн аялдарды жана кары адамдарды «документ текшериш керек» деген жүйө менен автобуска отургузган. Көп өтпөй ушул жерге жакын жүргөндөрдүн баарын кармай баштаган.

Ошондой эле полиция жарандык активист Димаш Алжановду да камакка алды. Алжанов жакында эле түзүлгөн «Ойгон, Казакстан» коомдук кыймылынын мүчөсү.

Казакстанда нааразылык акциялары президенттик шайлоодон бери уланууда. 9-10-июнь күндөрү өткөн акцияларда Алматы жана Нур-Султан шаарларында 700гө жакын адам кармалды.

XS
SM
MD
LG