Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Гонконг: экстрадициялоо тууралуу мыйзам кийинкиге калды


Гонкгондогу митинг.
Гонкгондогу митинг.

Гонконгдун бийлиги адамдарды Кытайга экстрадициялоого уруксат берген, калкты нааразы кылган мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды. Бүгүн, 12-июнда түмөндөгөн адамдар мыйзам чыгаруучулар отурган имаратты, ошондой эле шаардын борборундагы негизги көчөлөрдү тосуп алышты.

Гонконгдун борборундагы бир катар жерлерде демонстранттар баррикадаларды орноткону, полиция менен кагылышуу болгону кабарланды.

Мыйзам долбоору качан каралаары белгисиз. Өткөн жекшембиде, 9-июнда нааразылык акцияларына миллион адам чыкканда да Гонконгдун бийлиги өз пландарынан баш тартпай турганын билдирген.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандар Кытайдын бийлиги бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары өткөрүлүп берилген. Бирок акыркы убактарда Кытай Гонконгдун автономиясын чектөөгө багытталган бир катар кадамдарды жасап жатат.

XS
SM
MD
LG