Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Сот Юстиция министрлигине КСДПнын документтерин өзгөртүүгө тыюу салды


Экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Биринчи май райондук соту Юстиция министрлигине Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) каттоо документтерине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салып, андай укук КСДПнын жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго гана берилгенин кабарлады.

Соттун аныктамасында Сагынбек Абдрахманов 2019-жылдын 3-апрелинде КСДПнын XVIII курултайынын негизинде мыйзамдуу төрага болуп шайланганы айтылат. Ал эми Алмазбек Атамбаев баштаган 6-апрелде өткөн курултай мыйзамсыз деп табылган.

КСДПнын лидери катары расмий катталган Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берген. Мындай кадамга андан партиянын негизги документтерин сот аркылуу алдыруу максаты себеп болуп жатканын Абдрахманов «Азаттык» радиосуна билдирген.

Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министри Марат Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG