Украинанын Конституциялык соту 11-июнда президент Владимир Зеленскийдин украин парламентин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу жарлыгынын мыйзамдуулугун карай баштады. Сотко Жогорку Раданын 62 депутаты кайрылган.
Ишемби күнкү сот жараянына президент Зеленский менен анын жарлыгына нааразы болгон 62 депутат чакырылган.
Зеленский анда сотко чакырылганына ыраазычылык билдирди жана «эч кимди уятка калтырбагыдай чечим кабыл алынарына ишенерин» айтты.
Владимир Зеленский 20-майда ант берип президенттик кызматка киришкенден кийин Жогорку Раданы таратуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт.