Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Токаев: соцтармактар блоктолгонун билген эмесмин


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 10-июнь, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 10-июнь, 2019-жыл.

9-июнда өткөн шайлоодо добуштардын 70 пайызга жакынын алган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дүйшөмбүдө Акордодо өткөн басма сөз жыйынында шайлоо күнү социалдык тармактардын блоктолгону тууралуу «кабары болбогонун» билдирди.

- Мен соцтармактардын жигердүү колдонуучусумун. «Твиттердеги» баракчамды өзүм көзөмөлдөйм. Ачыгын айтканда, социалдык тармактар блоктолгону жөнүндө такыр кабарым жок болчу. Бирок, албетте, укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилет, - деди ал.

9-июнда казакстандыктар Интернет утур-утур үзгүлтүккө учураганын кабарлашкан. Муну дүйнөдөгү Интернеттин эркиндигине мониторинг жүргүзүү менен алектенген «NetBlocks» эл аралык тобу да ырастаган.

Токаев 12-июнда ант берип, президенттикке расмий киришери кабарланды. Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалган. Полиция 500 киши кармалганын бышыктап, демонстранттардын көбү тартип коргоочуларга баш ийбей, аларды көздөй таш ыргытышканын жүйө келтирди. Токаев полициянын ишин мактап, алар «өз милдеттенмелерин туура аткарышканын» билдирди.

XS
SM
MD
LG