Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Алматыда «Азаттыктын» кабарчысын полиция кармап кетти


Петр Троценко кармалган соң тартылган сүрөт.
Петр Троценко кармалган соң тартылган сүрөт.

«Азаттыктын» казак кызматынын репортеру Петр Троценкону Алматыда шайлоону чагылдырып жүргөн жеринен полиция кармап кетти. Ал кесиптик милдетин аткарып жатканын айтканына, күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай, тартип сакчылары полиция бөлүмүнө алып кетишкенин маалымат булактары жазышты.

Кабарларга ылайык, полиция аны шайлоого нааразылык билдирип чыккан активисттер менен кошо кармаган. Журналист ал жерде репортаж даярдап жаткан.

Казакстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү 9-июнда эртең менен саат 7:00дө башталып, кечки саат сегизге чейин уланарын билдирген. Өлкө аймагында 10 миңден ашуун, чет мамлекеттерде 65 шайлоо тилкеси даярдалган.

Президенттик орунга жети талапкер ат салышууда.

Бул - Казакстандын эгемен тарыхындагы Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо.

Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында кызматтан кеткен. Ал өз ыйгарым укуктарын Сенаттын экс-спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөргөн. Токаев азыркы жети талапкердин бири.

XS
SM
MD
LG