Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун жасаган иштеринен кабарсыз болгонун билдирди.
Бул тууралуу 8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкекте уюштурган митингде сүйлөп жатып айтты жана ошол кездеги аткаруу бийлигин "Матраимовдун мыйзамсыз иштерин мага жеткирбегенге аракет кылган" деп күнөөлөдү.
Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүп, Матраимовдорду калкалап жатканын айтты.
"Райымдан эмнеге коркуп жатат? Анткени ал Жээнбековдун былыктарын билет", - деди Атамбаев.
Райымбек Матраимовдун дарегине коомчулукта сын күчөп, ал бажы кызматында турганда мыйзамсыз байыганы айтылып жүрөт. Матраимов муну четке кагып келет.
"Унчукпай турба! Үн кат!" деген ураан менен уюштурулган митингге Атамбаевден тышкары, партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова, парламенттин депутаты Анвар Артыков өңдүү саясатчылар да катышууда. Уюштуруучулар миңден ашуун, байкоочулар миңге чамалуу адам келгенин билдиришти.
Партиядан кабарлашкандай, "Медиа форум" имаратынын алдындагы митинг «азыркы бийлик жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзбөй, Атамбаевдин тарапташтарын, оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктап жатат» деген өңүттө уюшурулду. (SE)