Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Америкалык даңазалуу пианист жана ырчы Доктор Жон көз жумду


Доктор Жон.
Доктор Жон.

Америкалык даңазалуу пианист, ырчы, "Грэмми" сыйлыгынын алты жолку лауреаты Доктор Жон 77 жашында дүйнө салды. Жакындары маркум жүрөгү кармап көз жумганын кабарлашты.

Доктор Дон деген сахна ысымы менен белгилүү Малькольм Жон Ребеннек 60-жылдардын аягында кеңири публикага тааныла баштаган.

Ырчы блюз, жаз, рок, буги-вугини аралаштырып, адаттан тыш музыка стили менен өзгөчөлөнүп турчу. Пианист Ван Моррисон, Эрик Клэптон, Мик Жаггер жана Шер өңдүү жылдыздар менен чогуу ыр жаздырган. "The Rolling Stones" тобу менен концерт койгон.

Кезинде "Ringo Starr" тобунун мүчөсү болгон Доктор Жон 2011-жылы "рок-н-роллдун" даңазалуу өкүлдөрүнүн катарына киргизилген.

XS
SM
MD
LG