Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

«Ынак достордун» кызматташтыгы


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 5-июнь, 2019-жыл.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 5-июнь, 2019-жыл.

Санкт-Петербург шаарында бүгүн эл аралык экономикалык форум ишин баштады.

Ага Орусиянын президенти Владимир Путинден тышкары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин баштаган чет элдик лидерлер да катышууда. Кытайдын лидери Орусияга кечээ мамлекеттик сапар менен келген. Вашингтон жана Батыш менен мамилелери чыңалып турган чакта Орусия менен Кытай өз ара байланыштарын бекемдөөгө умтулуп жатышат.

Санкт-Петербургдагы форумдун алкагында, 6-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Болгариянын мамлекет башчысы Румен Радев, Словакиянын премьер-министри Петер Пеллегрини, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиня менен жолугушат. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш экономикалык форумга 7-июнга келиши күтүлүүдө.

Санкт-Петербург шаарындагы үч күндүк эл аралык экономикалык форум бул жылы Орусияны экономикалык көрсөткүчтөрү беймаза кылып жаткан кезде өтүп жатат. Дүйнөлүк банк 4-июнда 2019-жылдагы орус экономикасынын өсүш ыргагын 1,2 пайызга чейин төмөндөттү. Ал акыркы үч жылдагы эң төмөнкү өсүш дегенди билдирет. Дүйнөлүк банк 2020 жана 2021-жылы өсүш 1,8 пайызды түзөт деген божомол берип жатат. Бул Чыгыш Европадагы жана мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү көрсөткүч. Мындай шартта Кытай менен кызматташтык Орусияга экономикасын алга жылдырууга шарт түзмөкчү.

5-июнда Кремлдеги жолугушууда Владимир Путин менен Си Цзиньпин эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө убадалашты.

Кытай лидери жолугушууда Владимир Путинди «ынак досум» деп атап, Москва зоопаркына Ру Йи жана Дин Дин деген эки панданы белекке берди.

Си Цзиньпин.
Си Цзиньпин.

«Орусия жана Кытай дүйнөдөгү ири мамлекет жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары дүйнөлүк коомчулук менен бирге жоопкерчиликти өзүнө алып келе жатат. Ошондой эле эл аралык укукка негизделген жана БУУ тарабынан колдоого алынган эл аралык саясий системаны бекем колдойт. Дүйнөдөгү көп тараптуу соода системасына дем берет жана өтө татаал эл аралык кырдаалда оң багытта салымын кошот», - деген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары Москва 2014-жылы Крымды аннексиялап алганына беш жыл өткөн соң уюшулуп жатат. Орусия менен Украинанын чатагы Кремлдин Батыш мамлекеттери менен алакасын начарлатып, анын Кытай менен кызматташтыгын күчөткөн.

Ошол эле кезде Кытай да Вашингтон менен соода согушун баштан кечирип жаткан кез.

Мындай шартта Вашингтон жана Батыш менен мамилелери чыңалып турган чакта Орусия менен Кытай өз ара байланыштарын бекемдөөгө умтулуп жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия менен Кытай глобалдык жана аймактык маселелерде да дайыма бири-бирин колдоп добуш берип келе жатканы маалым.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Биз учурдагы аймактык жана эл аралык проблемаларды талкуулаганда көпчүлүк мезгилде Орусия менен Кытайдын көз караштары дал келет же абдан жакын экенин көрүп жатабыз», - деди Владимир Путин.

Си Цзиньпиндин сапарында орусиялык жана кытайлык компаниялар кызматташтык туралуу бир катар келишимдерге кол коюшту. Мисалы, Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин менен Кытайдын илим жана технология министри Ван Чжиган баштапкы каражаты 1 миллиард доллар турган илимий-техникалык инновациялык фонд түзүү тууралуу келишим түзүштү. Кытай менен Орусиянын соода жүгүртүүсү да жылдан-жылга күчөп жатат. 2018-жылы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 25 пайызга жогорулап, 108 миллиард долларга жеткен.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда атайын сөз сүйлөйт. Бирок АКШнын расмий адамдары, ошондой эле америкалык ири компаниялар Санкт-Петербургдагы форумга катышпайт. Кошмо Штаттардын элчиси Жон Хантсман жана башка расмий адамдар америкалык ишкер Майкл Кэлвинин кармалышына байланыштуу форумду бойкот кылып жатканы айтылууда. Февралда кармалган америкалык ишкер учурда үй камагында отурат.

Тергөө Майкл Калвини «Восточный» банкынан 2,5 миллиард рубль (39 миллион доллар) уурдоо схемасын уюштурган деп айыптап жатат. Калви дооматтарды четке кагып, ишти корпоративдик талаш менен байланыштырууда. Орусиялык интернет-бизнеске эң көп инвестиция салган фонд орусиялык бир катар ийгиликтүү стартап долбоорлорун каржылоого катышкан.

Петербурга экономикалык форуму 1997-жылы негизделип, аны 2006-жылдан бери жыл сайын президенттик администрация өткөрүп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG