Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

«Туй байке, кызматтан кетиңиз...» (видео)


Туйгунаалы Абдраимов.
Туйгунаалы Абдраимов.

Соцтармак колдонуучулары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.

Эскерте кетсек, облус башчысы Туйгуналы Абдраимов кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдырыш үчүн барган журналист кыздардын бирине орой мамиле кылып, «Сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп келеке кылган.

Коомдук активисттер мамлекет өкүлүнүн мындай сөздөрүнө жана мамилесине мыйзамга жараша баа берилиши керек деп жатышат. 6-июнда журналисттер анын кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышты.

Алар Чүй облустук администрациясынын алдында чогулуп, аткаминердин кабинетине кирүүгө аракет кылышты.

Туйгуналы Абдраимов көпкө чейин кабинетинен чыкпай жатып, акыры журналисттер менен облустук администрациянын жыйындар залында жолукту. Ал журналист кыз суроо бергенде үнүнүн тону жакпай калганын, ошого жараша жооп узатканын, ачуусу келгенде күлөрүн айтты. Кечирим сурабасын кошумчалады.

Активист Мелис Аспеков Абдраимов мамлекеттик кызматкердин этикасына сыйбаган аракетке барганын сынга алды.

«Чүйдүн облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимов журналист кызды мазактап, мыскылдап, басмырлады. Бул өтө туура эмес нерсе. Ошондуктан ойлонуп туруп жалпы журналисттер жамаатын тынчтык митингине чакырдык. Себеби, бул көчөдөгү кыз-жигиттин сөзү эмес да. Бул жерде калдайган бир облустун жетекчиси сүйлөп жатат. «Сен мага жакпайсың, мен сенин сурооңо жооп бербейм» дегидей ал ким? Саунада сүйлөп жатабы?»,- деди Аспеков.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG