Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Кубанычбек Кулматовдун аялы кайрылуу таратты


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Коррупцияга байланыштуу айыпталып камакта отурган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун аялы Жамиля Турганова кайрылуу таратты.

Жамиля Турганова күйөөсү абакта отурган бир жыл үй-бүлөсү үчүн оор болгонун, бул аралыкта алар мыйзамсыздыкка кабылганын жазган. Ал Кулматовго козголгон кылмыш ишин сот, укук коргоо системасындагы «башаламандыктын белгиси» катары баалаган.

Турганованын кайрылуусунда Кулматовдун күнөөсү жок экенине жана эртеби-кечпи акыйкаттык орнотуларына ишенери айтылат.

Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланган учурда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

2-майда Бишкектин Ленин райондук соту анын тергөө абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Адвокаттар мурдагы мэрдин тергөө абагында кармалышы мыйзамсыз деген негизде аларды үй камагына бошотууну суранып келет. Асел Кодуранова жетекчилик кылган КСДП партиясы Кулматовдун ишин саясий куугунтук катары баалаган.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар Кубанычбек Кулматовдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG