Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Аида Салянованын бөгөт чарасы аныкталат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалды.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов аны үй камагына чыгаруу жөнүндө өтүнүч келтирилерин айтты.

Анын айтымында, Саляновага каршы мурдагы атайын прокурор көрсөтмө берген. Ал да кармалып, бирок тергөө менен кызматташарын айткандан кийин үй камагына бошотулган.

Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан болчу.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG