Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматына караганда, 1-июндан берки суу ташкынынан Рудаки, Хуросон, Восе жана башка райондордогу жүздөгөн үйлөрдү суу каптады. Андан Хуросон районунун 18 жаштагы тургуну каза тапкан. Ал эми бир эле Восе районунда 400дөн ашык үйдү суу басып калган.
Мындан тышкары көпүрөлөр жана жолдор жарактан чыккан.
Тажикстан тоолуу өлкө болгондуктан жаратылыш кырсыктары көп болот. Быйыл жыл башынан бери эле сел, жер көчкү жана башка табият кырсыктарынан 15 киши көз жумду.