Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:33

Кытай министри: Тяньаньмэнь аянтында туура күч колдонулган


Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты. 16-май, 2016-жыл.
Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты. 16-май, 2016-жыл.

Кытайдын коргоо министри 1980-жылы Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында демонстрацияларды күч менен басышы туура саясат болгонун билдирди.

- Бул саясий олку-солку учур болчу. Борбордук бийлик олку-солкулукту токтотуу боюнча кабыл алган чаралары туура саясат болгон, - деди министр Вэй Фенхе Сингапурда өткөн коопсуздук боюнча форумда сүйлөп жатып.

Министр Тяньаньмэнь аянтында болгон окуялардан бери Кытай көптөгөн өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөнүн, мунун баары борбордук бийликтин туруктуулукту сактоо аракетинин аркасында болуп жатканын кошумчалады.

Кийинки аптада Тяньаньмэнь аянтында күч менен басылган демонстрациянын 30 жылдыгы белгиленет. 1989-жылдын 3-июндан 4-июнга караган түнү демократияны жактаган студенттердин алты жумалык демонстрациясын таратыш үчүн танктар жана аскер күчү колдонулган. Анын жыйынтыгында жүздөгөн, айрым маалыматтар боюнча миңдеген адамдар өлтүрүлгөн.

Кытайдын бийлиги Тяньаньамэнь окяларын «ыңкылапка каршы козголоң» катары мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG