Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Пентагон Түркияны Орусиядан С-400 системасын алса кесепети оор болорун эскертти


Ф-35 аскердик учагы.
Ф-35 аскердик учагы.

АКШнын коргоо министринин эл аралык коопсуздук боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Кэтрин Уилбэргер Анкара орусиялык С-400 зениттик ракет системасын сатып ала турган болсо, бул Түркиянын НАТОдогу өнөктөштөрү менен кызматташтыгына терс таасир эте турганын эскертти.

Ал белгилегендей, бул кадам Түркиядагы Ф-35 бомбардировщиги боюнча программага да кесепетин тийгизет.

«С-400 системасы- Ф-35 учактарын атып түшүрүүгө багытталган орусиялык система. Орусия бул учак боюнча маалыматты чогултуу мүмкүнчүлүгүнөн колдонбошу керек” деди Пентагондун өкүлү.

Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн Ф-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

Кошмо Штаттарды Түркияга санкция салууга мажбур кыла турганын да эскерткен Кэтрин Уилбэргер Орусияны узак мөөнөттүк кызматташтыкта ишенимсиз өнөктөш деп сыпаттады.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар эки апта мурда Анкара орусиялык С-400 зениттик ракета комплекстерин сатып алуу маселесинде АКШ менен сүйлөшүүлөрдө жылышты байкаганын, ошол эле маалда АКШ киргизиши мүмкүн болгон санкцияларга да даярданып жатышканын жазган.

20-майда президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алууну өз убагында баштай турганын, ошол эле маалда түрк армиясы америкалык Ф-35 аскердик учактарын да алаарын айткан.

АКШ Сенатында да эгер Түркия С-400 системаларын өз аймагына жайгаштырса, анда ага каршы санкциялар киргизиле тургандыгы да айтылган.

XS
SM
MD
LG