Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Боронов: Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү арбыды


Кыргыз-кытай өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны.
Кыргыз-кытай өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны.

2018-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 25 пайызга көбөйдү. Ал эми 2019-жылдын январь-март айларында көрсөткүч 472 млн. долларды түзүп, 12 пайызга арбыды.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-кытай өкмөт аралык соода-экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйынында айтты:

- Электромобилдерди чогултуп өндүрүүнү уюштуруу, Кыргызстандагы мунайзат кайра иштетүүчү заводдорго инвестиция салуу иштерин улантуу зарыл. Бул ЕАЭБ талаптарына жана стандарттарына дал келген өндүрүм чыгарууну камсыз кылат. Мындан тышкары текстил, кен иштетүү, энергетика, өнөр жай ишканаларын ачуу келечектүү.

Өкмөт кабарлагандай, ал мындан тышкары Кытайга каттаган кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулардын маселесин көтөрдү жана Кытай тарапка эки өлкө ортосунда жаңы аба каттамдарын ачууну сунуш кылды.

Жыйын Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапарынын алдында өттү. (BTo)

XS
SM
MD
LG