Дастан Догоев биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендер чырына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Догоев Мамлекеттик каттоо кызматында (МКК) 2014-2018-жылдары иштегенин, калктын биометрикалык маалымат базасын түзүүгө катышканын билдирди:
- Мен техникалык жана архитектуралык багыттагы даярдоо иштерине өзүм жеке катышкам. Ошого байланыштуу УКМКга күбө катары маалымат берип чыктым. Тендерди өткөрүүгө, анын жыйынтыгын чыгарууга эч кандай катышым болгон эмес.
Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев 8-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) дээрлик сегиз саат суракта болгон.
Быйыл 22-февралда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен деген негизде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси барлар катары жалпысынан 15 адамдын, анын ичинде Догоевдин да аты-жөнү аталган.
Азыр анын талапкерлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына көрсөтүлүүдө. Мекеменин буга чейинки башчысы Бакыт Шаршембиев жумушунан өз каалоосу менен кеткени кабарланган. (RK)