Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери текшерүү учурунда абактагылар бир нече күндөн бери наар албай, айрымдары айып изоляторунда мыйзамсыз кармалып жатканын аныкташкан.
Эксперттер жабык жайлардагы кыйноо өнөкөтү реформаны аксатып жатканын белгилешет. Былтыр прокуратура кыйноого байланыштуу 11 кылмыш ишин козгогон.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор Токтогул районундагы №52 жатак абакты ушул айдын башында экинчи ирет текшерген. Анда адистер жатак абакта кармалгандар катаал шартка кабылганын аныктап, бул боюнча тийиштүү тараптарга билдирүү жиберишкен.
Борбордун Жалал-Абаддагы өкүлү Алишер Эрматов буларга токтолду:
«№52 жатак абакта жаткандар биз барганда үч күндөн бери нан жебегенин айтышты. Макарон менен картөшкөнү эле сууга кайнатып берип жатышкан экен. Текшере келгенде 2018-жылдын декабрь айынан бери абакка эт келбептир. Абактагыларды кармаш үчүн мамлекет бир топ каражат бөлгөн. Ал каякка кетип жатканы белгисиз. Жатак абактын жетекчилигинен сурасак тендердин айынан эт менен камсыздоо кечиккенин айтышты. Дагы бир мыйзам бузуу - бул тартип бузгандарды айып изоляторуна (ШИЗО) мыйзамсыз узак мөөнөткө кармашат экен. Жарык тийбеген, бетон камерада адам 15 суткадан ашык кармалбашы керек. Үч адам ал жерде бир айлап кармалып турганына күбө болдук. Атайын айып камерасына которууга абак жайынын башчысы эмес, анын орун басары кол коет экен. Бул мыйзамга туура келбейт жана алар катачылыкка жол беришкен. Бул багытта толтурулган актылар атайын прокуратурага берилди».
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жатак абак ичинде тартип бузгандар айып изоляторуна киргизилгенин, ал эми тамак-аш боюнча тендер кечигип өткөнүн билдирди.
Борбор мындан сырткары өткөн жумада Жалал-Абад облусунун аймагындагы он убактылуу кармоочу жайдын баарын текшерип чыккан. Анда кылмышка шектүүлөрдү кармоо шарты мурдагыдай эле начар абалда экенине күбө болушкан.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов милиция башчылары аракет көрбөй жатканын айтууда:
«Эки жыл мурда Жалал-Абаддагы бардык убактылуу кармоочу жайларды текшерип чыгып, алардын шартын жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилген. Бирок кечээ күнү ИВСтерди кайрадан кыдырган учурда абал өзгөрбөгөнүнө күбө болдук. Ар бир райондук-шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери аракет кылып, иш алып барса болот. Мисалы, Түп райондук милиция бөлүмүнүн башчысы донорлор жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип жатып 1,5 млн. сомго убактылуу кармоочу жайын оңдоп-түзөп алды. Кийинки убакта бизге кайрылгандар көбөйүп жатат. Бирок биз аны кыйноо көбөйүп жатканы үчүн эмес, борбордун ишин жакшы билип калганынан көрүп жатабыз».
«Изоляторлордо таптакыр шарт жок дегенге болбойт»
Анткен менен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы аймактагы убактылуу кармоочу жайлардын шарты жыл сайын жакшырып баратканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев мындай деди:
«Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарындагы, Базар-Коргон, Токтогул, Ала-Бука, Сузак райондорундагы милициянын убактылуу кармоочу жайларында жыл сайын утурумдук оңдоо иштери жүрүп жатат. Көпчүлүгүндө жуунуучу бөлмөлөр, ажатканалар оңдолгон. Кээ бир изоляторлордо желдетүүчү аппараттар да иштейт. Такыр эле шарт жок дегенге болбойт».
Мыйзамсыз баңгизат сактоого шектүү катары өткөн айда кармалган 26 жаштагы Токтогул районунун тургуну да милициядан кыйноо көргөнүн айтып чыккан.
Облустук прокуратура өткөн айда «Кыйноо» беренеси менен милиция кызматкерлерине каршы иш козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Ур-токмокко кабылганы сөз болгон кылмышка шектүүнүн апасы Гүлмира Шакирова уулун сабагандар жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтты:
«Балам учурда Токтогулда убактылуу кармоочу жайда отурат. Ден соолугу жакшы эмес. «Үй камагына чыгарып бергиле» деген өтүнүчтүн баары четке кагылды. Бөйрөгү ооруп, табарсыгы эзилип калыптыр. Заара ушата албай кыйналып жаткан экен. Дары-дармек ичип жатабы же жокпу, биле албадым. УКМКдан тергөө боюнча сурасам, маалымат айтпай жатышат. Президент баш болгон жогорку бийликке жазган кайрылуумдан эч кандай жыйынтык жок. Алар да арызды кароону кайрадан ушул жакка жөнөтөт экен. Азыр баламдын ден соолугунан кабатыр болуп жатам».
«Өткөн жылы 113 арыз түшкөн»
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго былтыр кыйноого байланыштуу 123 арыз түшкөн. Анын ичинен 113ү милиция кызматкерлерине, жетөө УКМК кызматкерлерине, калган үчөө ЖАМКка, прокуратурага жана дарыгерлерге байланыштуу болгон.
Эксперт Камалдин Жапаров кыйноонун көбү кылмышка шектүү катары кармалгандардын күнөөсүн моюнга алдырыш үчүн жасалып жатканын белгиледи:
«ИИМдин карамында учурда республикада 46 убактылуу кармоочу жай бар. 2018-жылдагы биздин талдоо боюнча 85% кыйноо фактылары ички иштер органдары тарабынан кылмыштын бетин ачууда колдонулат. Ал эми калган пайыздар башка фискалдык органдарга тиешелүү. Кыйноого каршы борбордун көрсөтмөлөрүнүн негизинде прокуратура тарабынан бул багытта былтыркы жылы 11 кылмыш иши козголгон. Бул албетте, прокуратуранын өзүнүн текшерүүсүн кошпогондо. Быйыл үч ай аралыгында эле борборго кыйноого байланыштуу 13, катаал мамиле боюнча төрт жана кармоо шарттарын жакшыртуу боюнча 21 даттануу келип түшкөн».
Адистер Жалал-Абадда жалпы тергөө абагынын жоктугу кыйноолордун орун алышына себепкер болуп жатканын айтышат. Эки жыл мурда ачылган №53 тергөө абагы аялдар жана балдар үчүн гана иштеп жатат. Мындан улам райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында кармалгандардын саны нормадан ашык.
Борбордун өкүлү Алишер Эрматов аны чечүүнүн жолун тийиштүү тараптарга сунуш кылып келатканын айтты:
«Мыйзам боюнча милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү 48 сааттан ашык убактылуу кармоочу жайда кармаганы туура эмес. Соттор мыйзамсыз чечим кабыл алып, кармалгандарды ИВСтерде эки айга калтырып коюп жатышат. Жалал-Абад менен Сузактын ИВСтери СИЗОнун милдетин аткарып жатат. Акыркы убакта Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун соттору прокуратура кызматкерлери менен бирге кылмышка шектүүлөрдү Ош шаарындагы №3 тергөө абагына жөнөтүп жатышат. Бирок Жалал-Абаддагы орган кызматкерлери аларды сотко жеткирүүгө каражат жок экенин айтып жүрүшөт. Биз бул багытта облустук ички иштер башкармалыгына канча каражат керек экенин эсептеп, так маалымат бериш керек экенигин айтып кайрылганбыз. Азырынча жооп ала элекпиз».
Бул жагдайлардын баары «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын демилгеси менен Жалал-Абад шаарында өткөн кыйноонун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жарандык форумда талкууланды.
Кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдиргендей, форум аркылуу аймактагы жергиликтүү тургундарга кыйноонун жана катаал мамилелердин алдын алуунун жолдору, кыйноого кабылганда кимдерге кайрылуу керек экендиги түшүндүрүлүүдө.
«Учурда эксперттер Бишкек шаарында эле чогулуп алып кайнай бербей, аймактарда кыргыз тилинде түшүндүрүү иштерин алып барышы зарыл болуп турат, - деди укук коргоочу. - Жабык жайларда реформанын жүрбөй жаткандыгы - бул жалпы элдик мүшкүл. Азыркы жана мурунку саясатчылар кезегинде өздөрү ИВСтерге отуруп чыгып, ал жактагы абалды жакшы билишет. Азыр саясатчы Текебаев отурат, Исаков менен Кулов да кезегинде отуруп чыгышкан. Өкмөттө иштеген адам кармалган соң «мага дары бербей, көңүл бурбай жатат» деп таң калып жатат. Көңүл буруу мындай турсун, канчалаган жаш балдар ден соолугунан ажырап, канжалап жатат. Кызматта турган учурунда жана азыр да бийликтегилер жарандык коом сыяктуу жабык жайлардагы реформаларды аткара албай жатышат. Алар кызматка келгенде унутуп коюп жатышат. Бул жерден топтогон сунуш-пикирлерди биз улуттук кеңеш берүү программасы аркылуу жогорку бийликке жиберебиз».
Башкы прокуратура өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кыйноо 11 пайызга азайганын билдирген. Укук коргоочулар тергөө учурунда шектүүлөр кыйноого туш болушарын айтып жүрүшөт. Былтыр күч түзүмдөрүнүн 120 кызматкерине каршы 48 кылмыш иши ачылган. Алардын ичинен 35 кылмыш иши милициянын жетекчи кызматтарында иштеген 100 адамга козголгон.