Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Трамп: АКШ Иранда режимди алмаштырбайт


АКШ президенти Дональд Трамп жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ. 26-май, 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ. 26-май, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Токио жасаган расмий сапары маалында Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Түндүк Корея жана Иран маселелерин талкуулады.

Күн Чыгыш өлкөсүнө төрт күндүк расмий сапар менен барган АКШнын президенти Дональд Трамптын дем алыш күндөрү маданий иш-чараларга бай болду. Алгач Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ экөө Мобара шаарындагы клубдардын биринде гольф ойношту. Андан соң эки лидер биринчи айымдар менен кошо сумо күрөшү боюнча чемпионаттын финалына күбө болушту. Ал тургай Трамп жеңүүчүгө өзүнүн атайын сыйлыгын да ыйгарды.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абэ биринчи айымдар менен сумо таймашын көрүп отурушат. 26-май, 2019-жыл. Токио.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абэ биринчи айымдар менен сумо таймашын көрүп отурушат. 26-май, 2019-жыл. Токио.

Ошондой эле Дональд Трамп дүйнө лидерлеринен биринчи болуп Жапониянын жаңы императору, такка отурганына бир ай боло элек император Нарухито менен жолукту. Мына ушундай иш-чаралардан кийин Трамп Абэ экөө олуттуу темаларды, анын ичинде Түндүк Корея жана Иран маселелерин талкуулашты.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Жапониянын императору Нарухито. 27-май, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Жапониянын императору Нарухито. 27-май, 2019-жыл.

Трамп Пхеньян жакында эле ракеталык сыноолорду өткөргөнүнө карабастан Кошмо Штаттар менен Түндүк Кореянын ортосундагы алакаларды «сый» деп атап, келечеги жакшы болоруна үмүттөнүп жатканын айтты.

«Көп жакшы иштер болуп атат. Биз узак жолду бастык. Кошмо Штаттар менен Түндүк Кореянын ортосундагы сый мамиле түзүлдү, абдан чоң сый мамиле десек болот», - деген Трамптын сөздөрүнө Абэ кошулган жок. Ал Пхеньяндын ракеталык сыноолору БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузду деп эсептейт. Ушундай эле позициясын билдирген Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду Түндүк Кореянын тышкы иштер министри «начар адам» деп атады.

Ирандын тышкары Трамп Абэ экөө Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалууну да талкуулашты. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле былтыр Трамп Иран менен дүйнөдөгү алты кубаттуу мамлекет, анын ичинде Жапония кол койгон өзөктүк келишимден АКШ чыкканын жарыялагандан кийин курчуп кеткен. Андан бери Вашингтон Иранга каршы экономикалык санкцияларды жандантып, дагы жаңы чектөөлөрдү киргизип, Жакынкы Чыгыштагы аскердик турумдарын бекемдеди. Бул Иран менен Кошмо Штаттардын ортосунда согуш тутанып кетиши мүмкүн деген кооптонууларды күчөттү.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ. 25-май, 2019-жыл. Токио.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ. 25-май, 2019-жыл. Токио.

Трамп Абэ менен жолугарда: «Эч ким үрөй учурарлык окуялардын болуп кетишин каалабайт, өзгөчө мен» деп айтты. Ал ошондой эле журналисттерге: «Иран сүйлөшкүсү келерине ишенем, эгер алар сүйлөшүүнү кааласа, биз деле даярбыз», - деди.

Иран АКШ өлкөдөгү режимдин алмаштырууну көздөйт деп эсептейт жана сүйлөшүүлөр тууралуу сөздөрдү четке кагып келет. Жапониядагы маалымат жыйын маалында Трамп «АКШ режимди алмаштырууну көздөбөйт» деп айтты:

«Мен Ирандан көп адамдарды билем. Алар абдан мыкты адамдар. Ирандын ушул эле лидерлери менен улуу мамлекет болууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз режимди алмаштыруунун жолдорун издеген жокпуз».

Ал ошондой эле Жапония менен Ирандын алакалары мыкты экенин кошумчалады.»Киодо жаңылыктар агенттиги» өкмөттөгү өз булактарына таянып, Абэ июнь айынын ортосунда Иранга барышы ыктымал экенин кабарлады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG