Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

АКШ Айга кемесин 2020-жылы жөнөтөт


АКШнын Космос агенттиги (NASA) Айга жаңы миссиясын 2020-жылы жөнөтөрүн билдирди. 23-майда NASA «Артемис» деп аталган программасынын жадыбалын жарыялады. Агенттиктин жетекчиси Жим Брайденштайндын айтымында, биринчи фазада пилотсуз кеме учурулат. Андан кийин 2022-жылы Айдын орбитасына пилоттолгон капсула, дагы эки жылдан кийин астронавттар жөнөтүлөт. Экипажга аял-астронавт да кирмекчи.

«Артемис» (Артемида) деген аталыш грек мифологиясынан алынган. Аңчылыктын жана Айдын пири Артемида Аполлондун карындашы болгон. NASAнын 1960-70-жылдары Айга жөнөткөн экспедициялары «Аполлон» деп аталчу.

Мындан тышкары 2022-24-жылдар аралыгында NASA менен иштешкен жеке менчик компаниялар Айдагы чакан станцияга курулуш жабдууларын жеткирип барышмакчы.

1969-жылы америкалык астронавттар Нил Армстронг жана Базз Олдрин адамзат тарыхында биринчи болуп Айга конушкан.

XS
SM
MD
LG