Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

АКШ Ассанжга кошумча айып койду


Жулиан Ассанж.
Жулиан Ассанж.

АКШ «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга 17 пункт боюнча кошумча айып койду. Ал жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жарыялаган жана компьютерди бузуп кириш үчүн кутумга барган деп айыпталууда.

Буга чейин Вашингтон Ассанжды Пентагондун компьютердик түйүнүн бузуп кирүү аракети үчүн гана соттогону жаткан. Бул кылмыш үчүн ал эң көп дегенде беш жылдык мөөнөткө соттолмок. Эгер Ассанж Британиядан АКШга эстрадиция болсо ал мындан да катаал жазаланышы ыктымал.

Би-Би-Си Юстиция министрлигинин өкүлүнө таянып жазганына караганда, Ассанж ар бир пункт үчүн 10 жылдан соттолушу мүмкүн.

Ассанж 2012-жылы «Зордуктоо» беренеси менен айыпталып жаткан Швецияга экстрадициялануудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага баш калка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган. Учурда Ассанж күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Улуу Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат. Мындан тышкары сот аны жашыруун маалыматтарга мыйзамсыз жолдор менен жетүү үчүн айыптап жаткан АКШга өткөрүп берүүнүн жолдорун карап жатат. Ал ортодо Швеция да Ассанжды экстрадициялоону талап кылуу ниети бар экенин билдирди.

Ассанж дайыма Кошмо Штаттарга экстрдициялануудан кооптонуп жатканын айтып, ал жакта ага карата олуттуу айыптар коюлушу мүмкүн экенин айтып келген.

«WikiLeaks» сайты Швециядагы кылмыш ишинин калыбына келтирилишин «саясий басымдын» жыйынтыгы деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG