"Тойдон көрө кайрымдуулук кылалы..."
Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылындагы мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар айылдагы майып үй-бүлөгө өз каражатына турак жай салып берип жатат. Командир Мамаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн дээрлик баарынын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Жолугушуу кечесинин каармандары ашыкча шаан-шөкөт ордуна ушундай соопчулук ишин тандап алышкан.