Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Укук коргоочу Оюб Титиев мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүндү


Оюб Титиев.
Оюб Титиев.

«Мемориал» укук коргоо борборунун башчысы Оюб Титиевдин адвокаты аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу өтүнүч келтирди. «Мемориал» борбору төрт жылга кесилген Титиев жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөгөндүктөн ушундай өтүнүч келтиргенин билдирди.

Адвокат түрмөдө отурган Титиев эч кандай тартип бузбаганын жана колониянын ички эрежелерин бекем сактаганын белгиледи. «Чечим майдын аягында, июндун башында чыгып калат деп күтүп жатабыз», - деди адвокат Пётр Заикин.

61 жаштагы Оюб Титиев 2018-жылдын 9-январында «баңгизат ташыган» деген кине менен Чеченстанда кармалган. Укук коргоочу өзүнүн автоунаасына атайылап баңгизат салынганын айтып, коюлган айыптарды четке кагып келет.

Титиевдин камалышына ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG