Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда Балыкчы шаарынын активи жана тургундары менен жолугушууда тоо кен тармагы өтө коорупциялашканын билдирип, мындай иштерде мамлекеттин жана коомдун эмес, жеке адамдардын кызыкчылыктары эске алынганын билдирди.
- Тоо кен тармагына көңүл бура баштадым. Бул тармак, айрыкча лицензия, уруксат берүү системасы коррупцияга белчесинен баткан. Кен чыккан жерлерде көп учурларда мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы корголгон эмес. Жеке, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун гана кызыкчылыгы корголгон. Лицензия берүү кадимки базардагыдай алып-сатарлыкка айланган.
Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда эки күндүк иш сапары менен жүрөт. 16-майда Түп районунда болуп, аймактагы дыйкан чарбалар жана социалдык объекттер менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолуккан. 17-майда президент Балыкчы шаарында болуп, шаар активи жана тургундары менен жолугушууларды өткөрдү. (AsM)