Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Казакстанда кытай таануучу Константин Сыроежкин камалды


Константин Сыроежкин
Константин Сыроежкин

Казакстанда кытай таануучу Константин Сыроежкин "мамлекеттик чыккынчылык" айыбы менен камалды.

Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин 17-майда тараткан маалыматына караганда, 62 жаштагы талдоочу февраль айында эле кармалган. Атайын кызмат кытай таануучунун камалышы тууралуу мындан башка маалымат берген жок.

Константин Сыроежкиндин тыңчылыкка айыпталып кармалганы тууралуу маалыматтар буга чейин эле чыккан, бирок аны расмий органдар тастыктай элек болчу.

Алматыда туулуп-өскөн Константин Сыроежкин Казакстанда узак жылдар бою иштеп, кытай маселеси боюнча негизги серепчилердин бири катары таанымал. Орус, англис жана кытай тилдеринде жарык көргөн миңден ашык макаланын автору.

2006-жылдан тарта Казакстандын президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун башкы илимий кызматкери болуп иштеп келген.

XS
SM
MD
LG