Украина өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган орус товарларынын тизмесин кеңейтти. Министрлер кабинети кабыл алган чечимге ылайык, тизмеге цемент жана жыгачтан жасалаган ар кандай материалдар, айыл чарба өндүрүмү, транспорт каражаттары киргизилди.
- Бул чектөөлөр биздин мамлекеттин капиталынын агрессор-мамлекеттин пайдасына тышка агылышына чектөө киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды негиздөөгө шарт түзөт, - деди 15-майда экономикалык өнүгүү министри Степан Кубив.
Ошондой эле украин өкмөтү 1-августтан тартып Орусиядан алынып келген товарларга атайын салыктарды салат. Буга чейин, 18-апрелде Москва Киевге орус мунайын экспорттого тыюу салган жана украиналык товарлардын айрымдарына чектөө киргизген. Бул чаралар Украинанын кадамына жооп чара катары кабыл алынган. Киев 10-апрелде орус товарларына санкция жарыялаган.